Кыргызстанда бүгүн, 4-декабрда кар жаайт. Жолдор кар күрткүгө кептелип, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Күндүн узактыгы 9 саат 12 мүнөткө кыскарат.
Бишкекте кар жаайт, абанын температурасы түнү -6 градус, күндүз -3 градуска чейин жетет.
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнү -4, күндүз +2 градус.
Нарында түнү -12, күндүз 0.
Ысык-Көлдө түнү -6 градус, күндүз +1.
Таласта түнү -6 градус, күндүз +1.