Диний аалым Чубак Жалиловдун ден соолугу жакшы болбой жатканын жакын адамдары билдиришүүдө.
Айтымдарына караганда, милиция кызматкерлери аалымды алты саат суракка алышкан. Ошондон кийин Чубак ажынын акыбалы начарлаган.
Чубак ажы 30-ноябрда Казакстанга дарыланууга баратканда чегарадан аны сыртка чыгарышпай коюшкан. Аны «издөө жарыяланган» деп түшүндүрүшкөн. Андан соң ажы Ысык-Көлдө дарыланып жаткан жеринен милиция кзыматкерлери алып келишкен.
Ал эми 2-декабрда Чубак Жалилоев Бишкек ШИИБинде алты саат сурак берген жана анын көрсөтмөлөрүнүн баары баштан-аяк видеого тартылган.
Чубак ажы Жалилов экинчи никелүү болгонун, жесир келинди экинчи аялдыкка алганын айткандан кийин коомчулукта нааразы пикирлер арбын болгон. Укук коргоочу Азиза Абдрасулова ажыны экинчи аял алууга башка эркектерди чакырып жатат жана мыйзамда кошаялдуулукка тыюу салынган деп айыптап, прокуратурага кайрылаарын билдирген.