Ош шаарында 12 жаштагы бала уруп-сабоодон каза тапты. Ал мектепте 6-класста окучу.
Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катарында баланын атасын кармашты.
Бул тууралуу Ош шаардык ИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бала үйүндө көз жумган. Кароо учурунда баланын денесинен уруп-сабоодон алынган жарааттар байкалган. Андан улам соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Ошол эле күнү баланын 46 жаштагы атасы уулунун өлүмүнө шектүү катары кармалган. Аны Ош ИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алышты. Бирок, шектүү айыбын моюнуна алган жок, анткен менен ал кишинин жубайы жана башка күбөлөр уулун ар дайым уруп-сабап турганын айтышууда.