Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынын жыйынында депутат Алтынбек  Өмүрбекова мамлекеттик мүлктөрдүн ижарага берүү ыкмасына кызыкты.

 Ал аталган фонддун өкүлдөрүнөн Бишкектин борборундагы бир чарчы метр жердин ижара акысы канчага бааланарын сурады.

 

Фонддун төрага орун басары Бакытбек Мураталиевдин айтымында, ижара акысы чарчы метрге карап бааланбайт.

 

 «Баалоонун үч ыкмасы бар, алар: кирешелүү, чыгашалуу жана салыштырмалуу. Обьекттер ар кандай пайдаланууга ылайыктуу келишкендиктен ижара акысы да ага жараша болот», - деди ал.

 

Депутат орун басардын минтип татаалдантып жооп бергенине нааразы болду:

 

«Коммерциялык уюмдар менчигиндеги мүлктөрдү ижарага берип акча табышат. Эмнеге биз мамлекеттик жана муниципалдык имараттарды пайдаланып каражат таба албайбыз? Сиздер жашоодон артта калыптырсыздар. Эмнеге ижарадан түшкөн каражат жыл сайын азайып баратат?».