Дүйнөлүк Банктан 1 млн доллар өлчөмүндөгү грант алып, аны айылдарды интернет менен камсыздоого жумшоого «Республика-Ата Журт» фракциясы макул болду.

Бүгүн аталган фракциянын жыйынында бул маселе каралды.

 

 «Таза коом» долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандын ар бир айылына Интернет орнотуу долбоору бар.

 

Мамлекеттик байланыш компаниясы Дүйнөлүк банктан 350 миң жана 450 миң доллар грант алууга макулдашты. Биринчи грант беш жылдык долбоорго сарпталат.