Сокулук райондук ИИБинин убактылуу кармоочу жайынан качып чыккан төрт кылмышкердин төртүнчүсү да кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-ноябрда аталган убактылуу кармоочу жайынан төрт кылышкер качып чыккан. Алардын экөө арадан көп убакыт өтпөй Бишкек шаарынан кармалган. Кармалуучулар качуунун себебин айтып бере алышкан эмес, күтүлбөстөн, ойлонулбай жасалган кадам экенин моюндарына алышкан.  Болжолдуу маалыматтарга караганда, качууну кимдир бирөө 13 мүнөткө абактагы жарыкты өчүрүп, камераларды ачып уюштурган.

Андан кийин үчүнчү кылмышкер колго түшкөн.

 

Ал эми төртүнчү кылмышкер Чүй облусунун Москва районунун аймагынан кармалган.

 

Алардын баары оор кылмышка айыпталып жаткандар экенин укук коргоо кызматтары белгилеген.