ЖК депутаты Кенжебек Бокоевдин 17 жаштагы кызына кол салуу болгон. Белгисиз адамдар ага бычак такап, кол сумкасын алып кетишкен.

 

Укук коргоо кызматтары бул кол салууну карактоо максатында деп табышты.

 

Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

 

Азырынча карактоого шектүүлөр кармала элек. Иликтөө иштери жүрүп, шектүүлөрдүн чөйрөсү аныкталгансыды.

 

Бишкек ШИИБи бул иш боюнча: «Окуянын саясий мотиви бары – жогун айта албайбыз. Карактагандарды милиция издеп жатат», - деп билдирген.

 

 Эске салсак, кол салуудан кийин депутаттын кызы ооруканага түшкөн.