«Республика-Ата Журт» фракциясынын жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондунун төрагасы Дйшөнбк Зилалиев Мегакомдун баасы арзандабай турганын айтты.
«Мегакомду сатууга эларалык компаниялар жардам беребиз деп жатышат. Мегакомдун баасы мыйзам чегинде бычылган. Баалоонун бардык иштери жүргүзүлгөн. Бирок, бүгүнкү күндө реалдуу сатып алуучу жок. Сыягы, баасы кымбат болуп атат окшойт. Биз азыр компанияны сатууга башка жолдорду издештирип атабыз. Айрым инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деди Зилалиев.
Айтымында, компаниянын баасы ушул жылдын март айында бычылган. Ал өзгөртүлбөйт. Эларалык компаниялардан Мегакомду сатууга ортомчу болуп берүү сунуштары түшкөн.
Эске салсак, Атамбаев президент катары акыркы берген маалымат жыйынында Мегакомдун баасын 25-30 пайызга арзандатуу керек деген пикирин билдирген.