Белорусиянын президенти Александр Лукашенко ЖККУнун 2017-жылы жасаган иштеринин жыйынтыгы тууралуу пикирин билдирди.
Айтымында, мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен аракети менен ЖККУнун кадыр-баркын көтөрүү ниетинде ыргактуу иштер жүрдү.
«Уюм маалыматтык коопсуздукту камсыздоого жетишти. Мааракелик жылда кыскасын айтканда, көп иш аткарылды. Келечекте динамикалуу аракетти сактап калабыз деп үмүттөнөм. Эң жакын мамлекеттер менен ачык жана принципиалдуу сүйлөшүүлөр болду. Тилекке каршыбы, же тилекке жарашабы биз үчүн мүчө өлкөлөрдөн башка жакын жана бир тууган өлкөлөр жок», - деди Лукашенко.