Бишкекте экс-президентке арналган акция өттү. «Курманбек Бакиевге труса жана майка чогултабыз» аттуу акция Казакстандын элчилигинин алдында болду.

 

Акциянын уюштуруучулары соцтармактар аркылуу Бакиев үчүн бир күндө ич кийим чогултушкан.

 

 

 

«Айкөл Ала Тоо» коомдук бирикмесинин өкүлү Амантур Жамгырчиевдин айтымында, чогулган кийимдер Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге Курманбек Бакиевге берип  коюу өтүнүчү менен жиберилет.

 

 Уюштуруучулардын айтымында, аз убакытта эл тарабынан Бакиев үчүн үч коробка труса чогултулган.

 

Эске салсак, «Хабар» казакстандык агенттиги Курманбек Бакиев тууралуу тасма тартып, анда экс-президент 2010-жылы Кыргызстандан кетээринде трусасынан бери тартып алышканын айткан.