Жыл сайын кулчулуктун жана адам сатуунун курмандыгына 150дөй адам айланып турушат.

 

Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Алмаз Асанбаев журналисттерге билдирди.

 

Маалыматка караганда, кулчулукка кабылган адамдардын аз саны гана өлкөсүнө кайтып келип, укук коргоо кызматтарына кайрылышат. Алар эрктеринен тыш кулчулукка кабылышканын билдиришкен.

 

Бирок, Алмаз Асанбаевдин айтымында, бул жылы мындай көрүнүштөр белгилүү ченемге чейин ылдыйлаган. Адам сатуу боюнча төрт кылмыш иши ачылган. Ал эми 2016-жылы  бул жаатта жети кылмыш иши козголгон болчу.

 

«Бул Кыргызстандын ЕАЭБге киришинин шарапаты. Биримдикке киргенибизден кийин башка өлкөлөрдөгү жарандарыбызга коргоо шарттары түзүлдү. Эгер эмгек акылары төлөнбөсө жарандар эмгекти коргоо мамлекеттик уюмдарына кайрылыша алышат», - деди Асанбаев.

 

Белгилешинче, кыргызстандык мигранттар эми мигрант эмес, жумушчулар болуп аталышат.