ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Чубак ажынын экинчи аял алганын анын үстүнөн жазылган арыз болгондо гана териштире алышат.

 

 Маалыматка караганда, иш козгош үчүн ажынын аялдарынын биринин, же маалыматты жакшы билген жарандын арызы керектелет.

 

«Экинчи нике катталбагандыктан далилдөө кыйын. Бирок, арыз жазылса тергөө териштирет» - дейт ИИМ.

 

 Эске салсак, «Кылым шамы» укук коргоо борбору Чубак ажы Жалиловдун үстүнөн  экинчи аял алганы үчүн шаардык прокуратурага кайрылышаарын маалымдашкан.