Октябрь айынын баш чендеринде Памир тоолорунан Нарын облусуна келишкен памирлик кыргыздарга бир катар буюмдар сатылып алынат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталында жарыяланды.

 

Маалыматка караганда, Нарын облусунун губернатору турмуш-тиричилик буюмдарын, кийимдерди жана адаптация учурунда керек болуучу дары-дармектерди сатып алууга тендер жарыялады.

 

Ага ылайык, көчүп келгендерге кийим, бут кийим, шейшеп, эмерек, тиричилик техникаларын, идиш-аяктарды, дары-дармектерди сатып алышат. Ага кошулбай алты даана плазмалык телевизор да сатып алуу пландалган.

 

  Бул үчүн өкмөт 948 миң сом бөлдү.