Аймактык мамлекеттик экотехинспециянын кызматкерлери укук коргоо органдары менен биргеликте карышкырды базарга алып чыккан жаранга ушул тапта издөө жарыялашты.

 

- Карышкырды коомчулукка алып чыккан кишиге ушул тапта издөө салдык. Эгерде карышкыр табылса, жырткыч жаныбарларды кармоочу атайын жайга өткөрүлөт. Ал эми аны кармаган жаран административдик жоопкерчиликке тартылат. Ага кандай чара көрүлөт? Карышкыр табылгандан кийин гана билинет,- деди Баткен аймактык мамлекеттик экотехинспециянын кызматкери.

 

Баса, үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрында Исфана шаарындагы мал базарга жергиликтүү тургун тирүү карышкырды сатыкка чыгарган. Аны сатып алууга кызыккандар арбын болгондуктан, наркы 10 миң сомдон 25 миң сомго дейре көтөрүлгөн. Ошентсе дагы ээси жырткычты сатпай кайра алып кетип калган.

 

Мыйзамга ылайык жарандардын коопсуздугун сактоо максатында жырткыч жаныбарларды үй шартында кармоого жана коомчулукка алып чыгууга таптакыр тыюу салынган. Ошол эле учурда аны кордогон адамдарга дагы катаал чаралар каралган.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Булак: "Майдан.kg"