Патрулдук милиция кызматынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 26-ноябрда Бишкек-Торугарт жолунда, Кубакы ашуусунда айдоочу “Тойота Карина” үлгүсүндөгү машинаны башкара албай калган. Автоунаа жолдон чыгып, көпүрөдөн сууга түшкөн. Кырсыктан улам   4 адам каза болду. Алардын арасында  2017-жылы туулган наристе бар.

 

  Алай районунун Ош-Эркечтам унаа жолунда да ушул эле күнү кырсык болгон, анда катуу ылдамдыкта келаткан «Лексус LX-470» унаасы   жолдон чыгып кеткен. Ичинде үч киши болгон жана баары каза табышты.

 

Чүйдүн Аламүдүн районунда да  жогорку ылдамдыкта келаткан «Toyota Windom үлгүсүндөгү автоунаа жол четиндеги даракты сүзүп токтогон. Алган жараатынан 49 жаштагы айдоочу жана анын 17 жаштагы уулу каза табышты.