Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев Нарында көмүр жоктугун, эл үшүп атканын айтып, «көмүргө бөлүнгөн каражатты губернатор менен аким жеп алыптыр деген да кептер бар, иликтеш керек», - деген.

 

Нарындын губернатору Аманбай Каипов депутаттын бул сөзүн жалганга чыгарды.

 

«Көмүр облустун бардык аймактарында тоннасы 3 500 сомдон сатылып жатат. Андан тышкары азырынча эл аба ырайынын жылуу болуп атканынан улам көмүрдү анчалык сатып алыша элек. Нарын шаарынын мэриясы көмүрдү сатуунун үч точкасын түздү, ал жерде тоннасы 3200 сомдон сатылып жатат», - деди ал.

 

Ошондой эле губернатор депутат Камчыбек Жолдошбаевди көмүр жеткирүүчү катары аны жетишпей жаткан аймактарга алып барууга чакырды.