«Улуттук авиакомпанияда бир гана учак болот деген бул уят», - деди премьер-министр Сапар Исаков бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү боюна кеңештин жыйынында.  

 

 Буга чейин «Эир Манас» компаниясынын директору Талгарт Нурбаев Кыргызстан Эларалык жарандык авиация уюмунун кара тизмесинде тургандыктан аба суднасын алууга кыйынчылык жаралып аткан айткан.

 

 «Эксперттер бизге ачык асман саясатына өтүү үчүн эмнелер керектигин айтса, мен премьер-министр катары ошону жасайм. Биз өздөрүнө бул системаны түзүп алган башка мамлекеттерден артта калдык. Бул уят, биздин улуттук авиакомпаниябызда бир гана учак бар экен», - деди Сапар Исаков.