Чоюн идиши

 

Чоюш идиши бекемдиги жана көп жылдарга чейин колдонууга болгондугу менен айырмаланат. Мындай идиш энеден кызга, кыздан кийинки урпактарга чейин жетет. Чоюн идишине эт жана жашылчалар кошулган тамактарды даярдоо ыңгайлуу. Духовкага рагу бышырса да болот. Идиш калың болгондуктан, жылуулукту жакшы сактайт жана тамактын күйүп кетишине жол бербейт. Анда суу калса дат басып кетет. Ошондуктан, мындай идишти жуугандан кийин кургата аарчып коюу туура.

 

Жеңил жез идиши

 

Жез идиштер жеңил, жылуулукту жакшы өткөрөт, анда тамак тез кайнайт. Кемчилиги – тамактын кычкыл курамына жез кошулуп, химиялык реакцияны пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан, мындай идишке жашылчаларды туздоо, ачытуу, борң бышыруу жана тамак-ашты сактоо болбойт. Эгер сүттү жез идишке бышырсаңыз, бышаары менен башка идишке которуп коюңуз.

 

Эмалданган идиш

 

Эмалданган идиштердин эң башкы артыкчылыгы – баасынын арзандыгы. Ага жашылчаларды туздаганга, ачытканга болот. Ал эми кемчилиги – морттугу. Бир аз эле одоно мамиле жасалса, идиштеги эмаль көчүп кетет. Эмалданган идишти температуранын кескин алмашуусу да жараксыз абалга алып келет. Ысык идишти муздак, же ным жерге коюудан качыңыз.

 
 Дат баспаган болоттон жасалган идиш

 

Мындай идиштерге суроо-талап көп. Ага балдар үчүн тамак жасоого болот. Бирок, сапаттуу дат баспаган болоттон жасалган идиштер кымбат баада сатылат. Ал колдонууга да ыңгайлуу – оңой тазаланат, дайыма жаркырап турат. Мындай идиштеги тамак көпкө жылуу бойдон турат. Кемчилиги – түбү жука болгондуктан, тамак тез күйүп кетиши мүмкүн.

 

 Айнек идиштери

 

Ысыкка чыдамдуу айнек идиштери кичитолкундуу мештерге колдонууга ылайыктуу. Духовкага да, ал турмак газга да коюуга болот. Мындай идиште тамак жасап гана болбостон, аны менен дасторконго койгонго да мүмкүн. Сапаттуу айнек идиштери оңойчулук менен талкаланбайт.