Күчтүү эмоционалдык абал

 

Адам санааркаганда, ачууланганда моюндун арт тарабындагы булчуңдар карышып  калат. Мындай абал узакка созулса,  карышкан  тамырлардан мээге кандын өтүүсү кыйындап, чыкыйда оору пайда болот. Андан арылууга арка моюнга массаж жасоо жана дем алуу гимнастикасы (бир нече секунд дем албай туруп, андан кийин демди терең чыгарабыз) жардам берет.

 

Оруну басаңдатуучу дарыларды ашыкча ичүү

 

Эгер адам оруну басаңдатуучу дарыларды үзгүлтүксүз ичсе, баштын оорусу башталат. Бул оору басаңдатуучу дарыга көнүп калгандагы белги деп атасак да болот. Дары-дармекке мындай көз карандуулукту көп убакытта гана айыктырууга болот.

 

Айыз

 

Аялдардын дээрлик жарым бөлүгү айызга чейин же айыздан кийинки баш ооруга туш болушат. Муну дарыгерлер айыз циклинде аялдарда простагландин гормонунун көбөйүшү менен түшүндүрөт. Бул гормон ооруга сезимталдуулукту пайда кылат.

 

Көздүн көрүүсүнүн начарлашы, туура эмес көз айнек тагынуу

 

Алысты көрбөгөн адам алыс тарапка көз тигип, бирдемени окууга, же кароого аракет кылганда көздүн тегерегиндеги булчуңдар катуу жыйрылып, ал  карышууга  алып келет.  Жыйынтыгында, кандын агымы азайып, кислороддук ачкачылык жаралат. Мындан улам баш ооруп, айланып, көз  тунарат. Ушундай эле көрүнүш эгер көздүн көрүүсүнө ылайыкталган көз айнек туура келбей калганда да орун алат. Мисалы, көздүн көрүүсү ылдыйлап, бирок көз айнекти алмаштырбаганда маселе жаралат.

 

 

 

 

Стресске каршы – пиво ваннасы

 

 

 

Заманбап спа-салондордо кызыктуу кызмат сунушталат. Ал – пиво ваннасы. Мындай ваннаны кабыл алгандан кийин адамдын дене бою жазылып, маанайы көтөрүлөт.  Пивонун жыты денени бошоңдотот. Бул кызмат салондордо 1500 сомдун тегерегинде бааланат. Айтылган сумма чөнтөгүнө ылайык келбегендер үй шартында жасап алса да болот. Ваннага 37 градус ысыктыктагы сууну толтуруп, 2 литтр пивону куюп, 15 мүнөт жатуу керек. Андан соң денени душка жеңил чайкап алууга болот. Пиво ваннасынан кийин денедеги ооручулук тарап, стресс кайдадыр качып жок болот.

 

Мындай ваннаны уктаардын алдында жасоо туура. Жумасына 1-2 жолу жасап жүрсө, адам стресске кабылбай, ден соолугу жайында болот.