Температура режимин сактаңыз. Үтүк чыгарган өндүрүшчүлөр режимдин регуляторун сүрөттөр, белгилер, же чекиттер менен билдиришет. Чекит канчалык көп болсо, температура да ошончолук жогору болот. Зыгыр буласынан же пахтадан жасалган кездемеден тигилген кийимдерди максимумга коюп үтүктөө керек. Жүндөн жасалган кездемелер орто температураны, ал эми жибек менен синтетика деликаттык режимди сүйүшөт.

 

  1. Кургак кийимдери бырыштарды жазууга аракеттенбеңиз. Бырыш кийимдерди нымдаштырыңыз, же үтүктүн пар чыгарчу функциясын колдонуңуз. Суу процессти жандандырат, жыйынтыгы да көңүл кубантат.

 

Маанилүү

Жибекти кургак кезинде гана үтүктөө керек. Суу кезинде үтүк тийсе так калат.

 

  1. Кийимдердин  ысыкка чыдамдуулугун аныктаңыз. Үтүктөөрдөн мурда кийимде тескерисинен оодарып, чет жагын үтүктөп көрүңүз. Эгер кийимдин тигилген жеринде из калса, температураны ылдыйлатуу зарыл.
  2. Биринчи майда деталдарын, андан кийин кийимди толугу менен үтүктөө туура. Жекте жана көйнөктө биринчи жеңин, жакасын, топчунун алдыларын үтүктөп, андан кийин гана калган бөлүгүнө өтүңүз. Эгер тескерисинче жасай турган болсок, жең-жаканы үтүктөйм деп атып, үтүктөлгөн жагын кайра бырыштырып аласыз.
  3. Топчунун алдындагы жерди абайлап үтүктөңүз. Анткени, ал жер үтүктүн түбүн чийип кетиши ыктымал. Же, так калтырат.
  4. Тигиштерине көңүл буруңуз. Кийим пахтадан жасалган кездемеден тигилсе да, кээде жасалма жиптер менен тигип салышат. Ошондуктан, жасалма жиптер чубалжып кетпеши үчүн ал жерди ылдыйкы температура менен үтүктөңүз.
  5. Айрым кийимдер үтүктөлгөндө тарып, же кеңейип калат. Мындайды болтурбоо үчүн тигишти жакшылап үтүктөңүз жана үтүктү бир жерге эле улам -улам баса бербеңиз.

 

Маанилүү

Үтүктөп атканда үтүктөн кийимге кара так калса, кийимди дароо бор кислотасына чылаңыз. Андан соң жылуу суу менен жууп салыңыз. Ал эми үтүктөгү кара такты пияз менен жок кылууга болот. Ортосунан бөлүп, аны менен үтүктү сүргүлөңүз.