Нарындын губернаторун жана райондорунун акимдеринин ишмердүүлүгүн текшерүүгө алуу керек.

     

Мындай сунушту Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев билдирди.

 

«Нарында көмүр жок. Мага шайлоочулардан 30 кат келип түштү, алар көмүр сатып ала албай жатышканын айтышууда. Мурда мындай нерсе болбоптур», - деди депутат.

 

Ал көмүргө бөлүнгөн акчаны губернатор менен акимдер жеп алган деген да маалымат бар экенин белгилеп, жетекчилердин ишмердүүлүгүн текшерүүнү сунуштады.