Кыргызстандан аял Тажикстанга башка бирөөнүн паспорту менен өтүп бараткан жеринен кармалды. Ал паспорт аялдын тууганына таандык экени аныкталган.

 

Бул тууралуу мамлекеттик чегара кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, 22-ноябрда «Кызыл-Бел - автоунаа» көзөмөл-өткөрүү пунктунун чегарачылары  кыргызстандык жаранды кармашкан.  Ал кыргыз-тажик чегарасын чоочун паспорт менен кесип өтүүгө аракет кылган.

 

 Кармалган Г.И.нин айтымында, өзүнүн паспортун жоготуп алгандыктан, тууганынын паспортун пайдаланып көрүүнү чечкен.

 

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалуучуну КР ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришти.