Жаратылыш кырсыктарын азайтуу жана алдын алуу үчүн атайын программа керектелет.
Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нодирбек Каримов билдирди.
Айтымында, бул маселени ал бир нече жолу көтөргөнү менен эч кандай чара көрүлгөн эмес.
«Дарыялардын боюна дамба орнотуу керек. Жаратылыш катаклизминен улам мектептер аймактарда курулуп бүтпөй атат. Баары келип бюджете акча жок дегенге такалат. Баары Кудайдан дечи, бирок, кесепеттерди алдын алууга аракет кылуубуз керек. Чечкиндүү аракеттер көрүлүүгө тийиш», - деди депутат.
Белгилей кетсек, ушул жылдын тогуз айында өлкөдө 318 өзгөчө кырдаалдар катталган.