Атамбаевге Кыргызстандын Баатыры деген наам бериш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов билдирди.

 

«Эртең жаңы президенттин инаугурациясы болот. Азыркы президент жаңы президентке ыйгарым укуктарын өткөрүп берет. Атамбаев өтө чоң иштерди бүткөрдү, алар өлкөнүн тарыхында калат. Мисалы, Түндүк-Түштүктү бириктирген альтернативдик жолду курду. Анан шайлоону таза өткөрдү. Биз азыр бүт дүйнөнү таң калтырып турабыз. Атамбаевдин эмгеги 100 жылдан кийин тарыхта калат. Ошондуктан Атамбаевди Кыргызстан Баатыры деген наамга сунуштайм», - деди депутат.