Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жыргалбек Калмаматов мектеп окуучуларынын ата-энелери тарабынан чогултулган акча каражаттары тууралуу маселе көтөрдү.

 

 «Бишкекте мектептер көп, ар бир мектептеги окуучулар мүчө төлөмү катары беш миң сомдон чогултушат. Мага ата-энелерден кайрылуу келип түштү. Эгер мектепте эки миң окуучу окуса, жылына 10 миллион сом чогулат экен. Алар кайда кетет? Оңдоо иштерине, окуу китептерин сатып алууга жана башка чыгымдарга ата-энелер өзүнчө акча беришет экен. Анын үстүнө өкмөт да мектептерди каржылат, андан тышкары ата-энелерден беш миңден чогултулат. Бул туура эмес», - деди депутат Калмаматов.