ИИМ министринин орун басары кылмышкердин курмандыгынан акча талап кылганын кайталап, “демек, саясий мотив жок” деген корутундусу депутатты нааразы кылды.

 

Жогорку Кеңештин жыйынында ИИМ министринин орун басары депутаттарга депутат Аида Салянованын өз үйүндө белгисиз адамдар тарабынан атылган иниси Улан Саляновдун иши кандай деңгээлде жүрүп жатканы тууралуу маалымат берди.

 

“Аны да, муну да айта албайм, купуя деп эле алакан жайып отурасыз. Бирок, таң калыштуусу бир нерсени так айтып жатасыз, саясий мотив жок дегенди. Ага акча талап кылган дегенди себеп кылып жатасыз. Маркум  кылмышкерлерге “сүйлөшөлү” деп бир нече жолу кыйкырганын аялы айтып атпайбы. Ага карабай өлтүрүшүптүр. Силер кылмышкер адамды атаардын алдында микрофон менен “бул саясий заказ!” деп кыйкырганда гана саясий мотив бар дейт белеңер?” – деди депутат.