Аида Салянованын иниси Улан Салянов киши колдуу болгондон кийин кылмыш болгон жерге милиция кызматкерлери отурган автоунаа сегиз секундда келген.

 

Жогорку Кеңештин жыйынында ИИМ министринин орун басары депутаттарга депутат Аида Салянованын өз үйүндө белгисиз адамдар тарабынан атылган иниси Улан Саляновдун иши кандай деңгээлде жүрүп жатканы тууралуу маалымат берди.

 

Депутаттын маркумдун уулунун айтканына таянып, кылмыш болгон жерге милиция кызматкерлери отурган автоунаа окуя болоору менен сегиз секундда келгенин айтты эле, министрдин орун басары четке какты. Анын айтымында, милиция он минутта келген.

 

Депутат Каныбек Иманалиев ИИМ министринин орун басарына: “Чүйдө комфуляж кийип каракчылык жасалган фактылар катталганбы?” – деген суроо узатты.

 

“Болгон, Панфилов районунда. Бирок, анда кылмышкер атылып өлтүрүлгөн. Бирок, биз азыр анын тирүү кезиндеги катыштарын да иликтеп жатабыз”, - деп жооп берди орун басар.

 

“Саясий мотив жок деген жыйынтыкка кылмышкер маркумдан акча талап кылганы үчүн келип атасыңарбы? Анда, Медер Садыркуловду деле өлтүрөөрдө акча талап кылып коюшса, саясий мотив жок болмок экен да э” – деди  Иманалиев.