Депутаттын инисинин өлүмүнүн бети ачылбай калса, бийликке абийир алып келбейт.
Мындай пикирин депутат Жанар Акаев билдирди.
Жогорку Кеңештин жыйынында ИИМ министринин орун басары депутаттарга депутат Аида Салянованын өз үйүндө белгисиз адамдар тарабынан атылган иниси Улан Саляновдун иши кандай деңгээлде жүрүп жатканы тууралуу маалымат берди.
“Биз маркумдун үйүндө болдук. Жан-жакасында эки кабат – үч кабаттаган хансарайлар бар экен. А маркум кадимки ортозаар кыргыздын турмушундагы жупуну жашаганы билинип турат. Жада калса үйүнүн терезелеринде пардасы да жок экен. Эшигинин алдында эски машина турат. Анан, акча сураган кылмышкер ошончо бай үйлөргө кирбей, жупуну үйгө киреби? Ушундай нерсе практикада болгонбу?” – деди депутат.
ИИМ министринин орун басары мындайча жооп берди:
“Биз минтип ойлоп атабыз, балким кылмышкерлер даярданып, сыртынан маалымат топтоп жүрүшкөн. Же, хансарайларга кирүүгө видеокөзөмөл, сигнализация бар деп кире алышпагандыр. Жаңы конуштарда бир караганда эч нерсеси жоктой көрүнгөн эле үйлөргө каракчылардын кирип жүргөн фактылар болгон”.
“Телефон номерлер текшерилип, кылмыш болгон саатта ошол аймакта болгон деп тапкандай мүмкүнчүлүк барбы?” – деди Акаев.
“Бул жаатта да иш алып барылып жатат, ачык айта албайм”, - деп жооп кайтарды орун басар.