Улан Салянов киши колдуу болгондун эртеси эле ИИМ “бул иште саясий мотив жок” деген маалымат тараткан. Депутат ИИМдин мындай шашылыш жыйынтыкка келүү себебине кызыкты.
Жогорку Кеңештин жыйынында ИИМ министринин орун басары депутаттарга депутат Аида Салянованын өз үйүндө белгисиз адамдар тарабынан атылган иниси Улан Саляновдун иши кандай деңгээлде жүрүп жатканы тууралуу маалымат берди.
“Кылмыш болгон күндүн эртеси эле бул иште саясий мотив жок деп чыктыңар. Антип айтууга эмне негиз болду?” – деп суроо узатты Масалиев.
“Себеби бар. Кылмыш болгон жерде, маркумдун үйүндө жубайы жана балдары болгон. Алар маскачан адамдар кирип, акча талап кылышканын айтышты. “Акча берсеңер эле кетебиз” деген да сөз болгон”, - деди орун басар.
“Маркумдун аялы ошентип көрсөтмө бердиби?” – деп тактады депутат.
“Ооба, буга чейин да маскачан кылмыштар болгон. Алардын айрымдары изи сууй электе кармалган. Биз азыр баарын кайра иликтеп атабыз”, - деди орун басар.