Жогорку Кеңеш депутаттын киши колдуу болгон инисинин иши тууралуу маалымат алуу максатында ИИМди чакырган. Жыйынга ИИМ министринин орун басары келди. Маалымат берүү абдан кыска болду.
“5-ноябрда белгисиз адамдар кара маска-перчатки кийип, Улан Саляновдун үйүнө кирген. Акча талап кылышкан, үй ээсин атып кетишкен. Учурда бул иш боюнча комплекстүү иш чаралар жүрүп жатат”. Төрт сүйлөм менен министрдин орун басары эртеден бери табышмактуу кылмыш тууралуу күтүлүп жаткан маалыматты жыйынтыктап койду.
Буга “тойбой” калган депутаттар спикер Дастан Жумабековго сунуштап, суроо-жооп жүргүзүүнү добушка койдурушту.
Депутат Сайдулла Нышанов : “Бул кылмыш ишинин ачылышы канча пайызга барып калды. Ачылат деп айта аласызбы?” – деген суроо узатты.
“Кылмыштын изине түшүп, шек санагандарды иликтөөгө иштерди жргүздүк. Каракчылык менен мурда кармалгандарды, шектелгендерди да текшердик. Канча пайызда ачылаарын айта албайм, бирок аракет кылып жатабыз”, - деди орун басар.
“Бул структурада көп жыл иштегенсиз, тажрыйбаңыз бар, ар кандай иш биринчи кадамдарында эле кийинки тагдыры белгилүү болуп калат эмеспи. Ушул иштин ачылаарына көзүңүз жетеби?” – деди Нышанов.
“Шектүү адамдардын атын айта албайм”, - деди орун басар.
“Атын айтпай эле койгула, кылмыштын изине түштүңөрбү, ошону айткыла, кыргызча түшүнөсүзбү?” – деди депутат.
“Түшүнөм. Изине түштүк деп айта албайм”, - деди орун басар.
Айтор, кандай суроо болбосун орун басар “билбейм, айта албайм” деген жоопторду берип жатты. Акырында депутат “айта албас” министрдин жоопторунан жадап, “Иши кылса иштин ачылышына үмүт барбы?”, - деди эле, “үмүт бар”, - деген жооп кайтарылды.