Түндүк Кипрде кыргызстандык жаран уурулук кылып, кармалгандыгы айтылууда.
"Kıbrıs gazetesi" басылмасынын жазганына таянсак, 18-ноябрда кыргызстандык А.И. аттуу жигит Гирне шаарындагы бир имараттан эки мотоцикл жана 352 куту жаңы араба тетиктерин уурдап бара жатканда полиция кызматкерлеринин колуна түшкөн.
Факт боюнча "Уурулук" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда кыргызстандык жаранга кылмыш кылуудагы болжолдуу шериктери да изделүүдө.