Бишкектеги Жибек Жолу жана Коммунаров көчөлөрүндө жол кырсыгы катталды. Батыш автовокзалына жакын аймакта бир убакта алды автоунаа кагылышкан.
Бул тууралуу укук коргоо кызматтарынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 20-ноябрда түндө болгон. Жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу каршылаш жолго чыгып, анын натыйжасында жеңил автоунаалар менен кагылышкан.
Тилекке жараша адамдар жабыркаган эмес. Бардык автоунаалар айып төлөнүүчү жайга жеткирилген.