Үй-бүлөлүк кодекске өзгөртүү киргизүү мыйзамдолбоору Жогорку Кеңештин кароосуна коюлду.

 

Мыйзамдолбоору никени каттоого алуудагы эрежелердин тартибин өзгөртөт. Учурда никени каттоого алуу жуптардын арыз бергенинен бир ай убакыт өткөндө гана жүргүзүлөт. Кокус жүйөлүү себептер болсо, бир айдын ичинде болот, айрым учурларда берилген мөөнөт узартылышы мүмкүн, бирок, бир айдан көп эмес.

 

Олуттуу кырдаалдарда (кош бойлуулук, баланын төрөлүшү, жуптардын биринин өмүрүнө туулган коркунуч) нике арыз берген күнү катталат.

 

 Адилет министрлиги никени каттоону салтанаттуу түрдө арыз жазылгандан жети күн ичинде жүргүзүүнү сунуштайт.

 

 Анткени, министрликтин түшүндүрмөсүндө, үй-бүлө нике курагына жеткен аял менен эркектин өз каалоосу менен чыгарылган чечимдеринин негизинде түзүлөт.

 

«Бардык нике эки тараптык макулдуктун негизинде тзүлөт. Жубайлар нике жана үй-бүлө жоопкерчилигинде тең укуктуу»- дейт Адилет министрлиги.