«Ак Тилек - автоунаа» көзөмөл өткөрүү пунктунда 400гө жакын жүк ташуучу автоунаалар токтоп турат. Сутка ичинде алардын 76сы гана чегарадан өткөрүлгөн.
Бул тууралуу Мамлекеттик чегара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Чоң-Капка - автоунаа» чегара өтмөгүндө 184 жүк ташуучу автоунаа турат. Чегарадан 175 автоунаа өттү.
Ал эми «Акжол-автоунаа» жана «Чалдыбар-автоунаа» пунктунда жарандардын жана автоунаалардын кезек күтүүсү жок.
Кыргыз-казак чегарасындагы абал 10-октябрдан баштап кыйындаган. Казакстан Кыргызстандан алынып келинген айрым товарлар ЕАЭБдин талаптарына жооп бербегендиктен текшерүүнү күчөткөнүн билдирген.