Жалал-Абад ИИБинин маалыматына караганда, аталган шаардагы милиция кызматкерлери менчик батирлүү болуу алдында турушат.
Жаңы курулган үйдүн ачкычын тартип сакчыларына президент Атамбаев тапшырат.
Маалым болгондой, үй Жалал-Абад шаарындагы Р. Азимов көчөсүндө жайгашкан. Анын курулуш иштери 2016-жылдын 13-октябрында башталып, өкмөттөн 10 миллион сом бөлүнгөн.
Беш кабаттуу үйдө бир бөлмөлүү 75 жана эки бөлмөлүү 25 батир бар.
Белгиленгендей, турак-жай комиссиясы аркылуу батирге муктаж болгон кызматкерлер, алардын арасында милиция ардагерлери бар жана кызматтык милдетин өтөө учурунда курман болгон кызматкерлердин үй-бүлөсү тандалып алынган. Жалпысынан 90 адам турак-жайга ээ болот. Калган 10 батир кызматтык максатта пайдаланылат.