Президент Атамбаев бийликтен кетээр чагында бир катар коомдук, саясий ишмерлерди, ырчы-чоорчуларды Кыргызстанда болгон мамсыйлык, орден-медалдар менен берешендик кылып сыйлады.
Президенттик аппараттан билдиришкендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана экономикалык, социалдык реформаларды өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жогорку жетишкендиктери үчүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Бул жарлыктын негизинде БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Курманжан Датка» ордени менен сыйланды.