Атамбаев журналисттерден жана  KLOOP маалымат агенттигинен кечирим сурады.

 

Мамлекет башчысы Атамбаев бүгүн «Ала Арча» мамлекеттик резиденциясында маалымат жыйынын өткөрүүдө.

 

«Урматтуу журналисттер, анын катарында KLOOP, мени кечиргиле. Кийинки президент бир топ дипломат болуп, силерге да бир топ дипломатиялуу жооп берет деп ишенем. Нерв деген темир эмес экен, мен силерге катуу тийдим, бир гана силерге эмес. Мен өтө эле эмоционалдуу сүйлөйм. Туурабы, туура эмеспи, баары бир айтам, кечирип койгула. Жетишкендиктеримдин бири бул – бизде атка минерлердин баары коомчулуктун пикири менен эсептешип калды.

 

Азыр капа болушуңуздар мүмкүн. Бирок, Христос «Адам биринчи өзүнүн карегин тазалашы керек» деп айткан. Жандүйнө сокуру болбойлу. Жандүйнөнүн сокуру болуу-чыныгы майыптык.

 

Силерден суранаарым жаңы президентти колдогула. Анын укуктары меникинен аз. Меники да Отунбаеваныкынан аз болгон. Жаңы Конституция күчүнө 1-декабрдан кирет», - деди Атамбаев.