Бул уникалдуу адам тууралуу өзгөчө кеп кылбаса болбойт. Нурали Базарбаев стамотология жаатына алгачкылардан болуп психосенсордук анестезия ыкмаларын ойлоп таап, киргизген адис. Бул ооруну сездирбөөчү ар кандай каражаттарды колдонбостон эле бейтаптардын тишин оорутпай дарылоо жана жулуу дегенди билдирет. 31 жылдык ийгиликтүү эмгеги бааланып, 7-октябрда президент Атамбаевдин колунанын “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери” наамын алды. Нурали Базарбаев 1963-жылы Баткен облусунун Исфана шаарында жарык дүйнөгө келген. Дарыгер өткөн өмүрү, кесибине байланган жашоосу тууралуу буларды айтып берди.

 

Балалык жана сырдуу касиет

 

- Балалык кезим Исфана шаарында өттү. Үй-бүлөдө он бир тууганбыз. Мен жетинчисимин. Ата-энем айтып калышчу, жаратылыштан берилген сырдуу касиет менде үч-төрт жашымдан баштап байкала баштаптыр. Окуяларды алдын ала сезип, айтып салчу экенмин. “Эртең үйгө жети конок келет”,- десем, айтканым төп келчү. Энем кээде тамашалап, “Койчу, балам, кечээ эле конокторду узатпадыкпы, эс алайынчы, конок келет деп айтпай тур”,- деп калчу. А мен сезген-туйганымды айтчумун. Күн чайыттай ачык турса да, “эртең жамгыр жаайт”,- деп койсом, чын эле эле эртеси шатыратып жаан жаачу. Суусу түгөнүп бараткан адамдарды да алдын ала билчүмүн. Жети жашка чыкканымда мен сыяктуу өзгөчө касиети бар балдарды Москва шаарына топтоп атышыптыр, окутушат экен деген кеп тарады. Атам мени чакырып, “Эмнени сезип-туйсаң да ичиңде калсын, сыртка чыгарба, болбосо сени да Москвага алып кетип калышат”,- деп суранды. Ошондон кийин билгенимди айтпас болдум. Бирок, ичимден кыйналчумун. Кээ бир адамдардын өлөөрүн алдын ала билип алып, “Эмнеге адамдар өлүшөт? Ал киши эмнеге өлүшү керек?”,- деп жанчылып, түнү жуурканга жамынып алып ыйлай берчүмүн.

 

Көшөргөн эмгек, жылмайган ийгилик

 

- Энем мен бала кезде көп ооруду. Ошондо, айылда дарыгерлер жетишсиз болчу, каратканга дарыгер, укол сайдырганга медайым таппай карайлап калчубуз. Ушундан улам жүрөгүмдө бир максат пайда болду – “бир үйдөн бир дарыгер чыкпаса болбойт экен, мен чоңойгондо дарыгер болойун”- деп чечтим. Мектепти аяктагандан кийин ал кездеги Фрунзеге келип, Медициналык институтка тапшырдым. Анда сынак катуу болчу, төртүнчү сынактан кулап калдым. Кайра айылга кетип, бир жыл иштедим. Түнү китептердин алдыма жыйып алып, биология-химия предметтерин кайра башынан баарын окуп чыктым. Эмгегимдин үзүрү кайтып, келерки жылы эңсеген институтумдун студенти болдум. Бул 1981-жыл эле.

 

Кесибиңди сүйүү – ийгиликке карай ишенимдүү кадам

 

- Алгач дарылоо бөлүмүнө тапшыргам, ал жылы өтпөй калдым дебедимби.  Кийинки жылы келгенимде, атамдын бир тууган иниси стамотолог болчу, аны көрүп таасирлендимби, же тагдырыма жазылган кесибим ушул беле, айтор, стоматолог болууну кааладым. Студент кезде да алдын-ала сезе билүү касиетим коштоп жүрдү. Сынактарда кайсы билет келээрин билип, досторума айтсам, эртеси ошол билет колума тийчү. 1986-жылы окуу жайын аяктап, бир ставка Курулуш поликлиникасында, жарым ставка Кардиологияда иштедим. Жаштык кездин демиби, же менин эңсеген кыялымдын орундалышы кубатыма кубат коштубу, иштөөдөн такыр чарчачу эмесмин. Жумуш убактым бүтсө деле ооруканада жүрө берчүмүн. Кесибиме жан отум менен берилдим. Басып өткөн жолдорумду карап туруп, ишенимдүү айта алам – адам качан гана өз кесибине ынтызарлык менен мамиле жасап, чын дилинен сүйгөндө гана ийгиликтерди багынтат.

 

Алгачкы ыкма, биринчи бейтап

 

- Ал күн дагы деле так эсимде. 1987-жылдын 14-октябры болчу. Кардиологиядагы жумушумда, колумду жууп, терезеге келип сыртты карап тургам. Ичимде адатымдай Кудайга жалынып: “Ишим ийгиликтүү болсун, бейтаптардын дартына даба таап берейин”,- деп тиленип жаткам. Бир убакта кулагыма аксакал адамдын добушу угулгансып, ал мага бата бергендей болду. А жүрөгүмдө кудум бала кезде кайсы бир нерсени алдын ала сезээрде пайда болчу түшүнүксүз сезимдер жылт этти. “Алаканыңда жылуулук пайда болду, эми сен тиштерди оорутпай жуласың”,- деп айткансыды кулагыма угулган үн. Ошол маалда каалга такылдап калды. Карыган апа келиптир, отургузуп карасам, тишин жулгандан башка арга жок. “Апа, эки тамыр калыптыр, жулуп салыш керек, болбосо жүрөгүңүзгө таасирин берет”,- десем, макул болду. “Мен сиздин тишиңизди укол сайбай жулам”,- дедим. “Койчу, тамашаңды, кыйнабай эле укол бер”,- деди апа. Мен алаканымды апанын ооруган тишинин тушундагы жаагына бастым. Бир азга басып тургандан кийин алаканымдан жылуулук чыгып атканы билинди. Аны апа да сезди. Колумду кыймылдаттым эле, баягы жылуулук ансайын күчөдү. Инструментти алдым да, апанын  оозун ачтырып, тишин жулдум. Бул абдан тез болду, апа турмак мен дагы болуп өткөн нерсеге ишенип-ишене албай туруп калдым. Апа мени карайт, а мен аны… “Тишиңизди жулдум, апа”,- десем ишенбей, күзгүгө чуркады. Анан экөөбүз кучакташып, эне-бала болдук. Анткени, бул менин укол колдонбой, алаканымдагы жылуулук менен ооруну билдирбей, алгачкы тиш жулуум болчу. Бул жааттагы алгачкы бейтабым ошол апа болду. Ошентип, 1987-жылы тиш жулуу-дарылоодогу биринчи ыкмам – экстросенсордук ыкмам пайда болду.

 

Мен үчүн башкы нерсе – Гиппократка берилген ант

 

- Кийинчерээк бейтаптардын колу-бутун катырып коймой ыкманы таптым. Оозун ачтырып, “сүф” десем, ошол калыбында катып калат. Колу-бутун да катырам. Мындай абалда тишти дарылоо мага да, бейтапка да ыңгайлуу болчу. Бирок, бардык адамдар эле мындай таасирге баш ийе бербейт экен. Кээ биринин колу бошоп кетет, биринин оозу жабылып калат. Кайра изденип баштадым, гинпоз боюнча китептерди окудум. Бул мага жардам берди, күн өткөн сайын тажрыйбамды толуктадым. Кардиологияда “инсульт, инфаркт болгондордун тишин жулбаш керек”- деген тыюу салуу бар да, бирок, оору жанын көзүнө көрсөтүп атса, кантишсин, айла жок бизге кайрылышат. Мен андай бейтаптардын да тишин дарылап аттым. Жарым ставка иштесем да, коридордо мага келген бейтаптардын узун кезеги тизилип, бир ставкадан көп иштегенимдей эле таасир калтырчу. Мага келген ар бир бейтап – менин эң жакын адамымдай сезилет. Жакындарымдын тишин дарылап, жулган учурларым да болот, бирок, өзүмдүн жакындарым менен бейтааныш бейтаптын мага такыр айырмасы жок. Мен ар бир адам үчүн колумдан келгенин жасап, Гиппократка берген антымды татыктуу аткарууну гана ойлойм.

 

Оорудан арылткан беш ыкма

 

- Гипноз ыкмаларын китептен окуп, тереңдеп үйрөнгөндөн кийин биринчи жолу Каракол шаарында колдондум. Устатым, профессор Ишен Курманович менен иш сапарына чыктык.  Адамзатынын аң-сезимине ошондо таң бердим, терең уйкуга кирген учурда да, оозуңду ач десең ачышып, түкүр десең кадимкидей түкүрүшөт. Уктап жатып эле ооруну сезбей, кантип тиштерин дарылатканын, же жулдурганын билбей калышат. Бирок, мында бир жетишпегендик бар эле. Ар адамдын туюу сезими ар кандай болот эмеспи, айрымдарына гипноз таасир бербейт. Дагы изденүү башталды, бул төртүнчү ыкма – дем алуу ыкмасын ойлоп табуума алып келди. Бул - бейтап демин ичине алганда инструментти салып, демин чыгарганда тишин сууруп алмай. Эки жылдан кийин “аралашма ыкма” - төрт ыкманын элементтерин аралаштырып, бир ыкманы таптым. Ошентип, беш ыкманы стамотология жаатында ачылыш катары киргизип, бүгүнкү күнгө чейин ийгиликтүү колдонуп келе жатам. Туура, мындай ыкмалар бир гана бизде эмес, менин иликтешимче, Россиянын айрым шаарларында да колдонулат. Бирок, ал жакта гипнозду да, тиш дарылоону да бир гана адис жасабайт. Стамотолог өз ишин аткарат, а гипноздоону адискөй гипнозчу ишке ашырат. А мен баарын өзүм жасайм. Биздин айырмачылыгыбыз ушунда деп ойлойм.

 

Темирдей бекем адамды ыйлаткан сезим

 

- Энемди эстөө мен үчүн абдан оор. Жетимиш жашка жетип бул дүйнөдөн өттү. Ал убакта үй-бүлө күтүп, балдарым чоңойуп, кесибимден баар таап калган учурум эле. Бирок, сен канча жашка чыкпа, кандай ийгиликтерди багынтпа, эненин ордун эч нерсе толтура албайт экен. Ар дайым жүрөгүңдүн бир тарабы бөксө болуп, коңултуктап, энеңдин жылуу жүзүн, жумшак кебин эстеп кусага батканың баткан. Энеме сый-урматымды көрсөтүүгө үлгүрдүм, бирок, көрсөтө турган дагы да сый-урматым арбын болчу. Дагы да төрүбүздө отуруп, балдарынын жакшылыгына күбө болуп жүрсө болмок деген ачуу өкүнүч ушул азыр да мени менен жашап келет. Эстесем жашыйм…  Балдарын эрезеге жеткирип, баарын тууруна кондуруп, эми гана эс алып, карылыктын бактылуу күндөрүн өткөрүп аткан учурунда колубуздан жулдуруп жибердик…

 

“Бир тууганым – таянаарым, асылдарым…”

 

- Биз абдан ынтымактуу үй-бүлөдө чоңойдук. Ата-энебиз бизге катуу кеп айтмак турсун, акырайып карабай чоңойтушту. “Мен эркек, сен кыз” дешпей, бир туугандар бирибиз үйдүн, бирибиз сырттын ишин ынтымакташып жасачубуз. Азыр  ар бирибиз бир үй-бүлөнүн кожоюну болуп калган чакта да, бир муштумдай биригип турабыз. Жакшылык-жамандыкта эриш-аркак болуп, бул жалган дүйнөнүн кубаныч-өксүүсүн чогуу тартып келатабыз. Бизге ынтымактын үрөнүн чачкан ата-энеме абдан ыраазымын.

 

Дарыгерлер династиясы

 

- Келинчегим да медицина кызматкери. Негизи алган билими терапевт, кийинчерээк кайрадан квалификацияланып, рентгенде иштеп жүрдү. Ал жакта нурдануу көп болгондуктан, пенсияга эрте чыгышат. Учурда неберелерин карашып, үйдө. Экөөбүз үч кыз, бир уулду тарбиялап чоңойттук. Буйруса, балдарым да турмуштан өз ордуларын таап, балалуу болуп калышты. Кызыгы, уул-кыздарымдын баары биздин жолубузду жолдошту. Уулум Чыңгыз стоматолог, чогуу иштейбиз. Экинчи кызым Асель Медакадемияны кызыл диплом менен аяктап, кардиология жаатынын адиси болду. Элнура кызым да кызыл дипломдуу стоматолог. Кенжем Айдай фармацияны тандады. Учурда жолдошу менен Новосибирск шаарында жашап, бир дарыкананы башкарып, иштеп жатат. Төрт балабыз бизди алты неберелүү кылышты. Бактыбызды Кудай кут кылсын.

 

Небере – балдан ширин

 

- Балдарыма кичине чагында жакшы эле көңүл бурдум, ойнотконго, сырдашканга, эс алдырганга убакыт тапчумун. Кийин гана иш сапарлар көбөйүп, эки жакка чыгып кеткенимде, балдардын бардык түйшүгү жубайымдын моюнуна артылды. Жубайым ал үчүн мени күнөөлөбөй, балдарыбызга татыктуу тарбия берип, жогумду билдирбей отурганына ыраазы болом. Азыр эми алты небереге таята- чоң ата болбодумбу. Неберелериме сөзсүз убакыт табам. Азыраак көрбөсөм сагынып, үйлөрүнө издеп барам, же алар ата-энелери менен бизди сагынып, келип турушат.

 

Эмгек жолдо калбайт

 

- 7-октябрда президент Алмазбек Атамбаевдин колунан “Кыргыз Республикасына Эмгек сиңирген дарыгер” наамын алдым. Бул мен үчүн да, бир туугандарым, үй-бүлөм, кайын-журтум үчүн да кубанычтуу жаңылык болду. Баары эле “Эмгегиңдин үзүрү колуңа тийди”,- деп куттуктоолорун айтып, кубанып жатышты. Бул жалгыз менин ийгилигим эмес, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон бир туугандарымдын, жакамды агартып, бар-жогума кайыл болуп, колдоо көрсөтүп келген жубайымдын, бал күлкүсү менен күч-кубат берген балдарым-неберелеримдин, сыйлап турган кайын-журтумдун ийгилиги. Анан да бир багытта иш алып барып, максатыбыз чогуу болгон жалпы жамаатымдын ийгилиги. Жашап өткөн жолума, жашоо берген тагдырыма ыраазымын.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити