«Дарыгерлер саламаттыгым чың, бирок, катуу чарчап жүргөнүмдү айтышууда»,  -деди президент Атамбаев.

 

Мамлекет башчысы Атамбаев бүгүн «Ала Арча» мамлекеттик резиденциясында маалымат жыйынын өткөрүүдө.

 

Коомдук каналдын журналисти президентке суроо узатты:

 

«Бийликтен кетээрине аз убакыт калган президент өзүн кандай сезип жатат?»

 

Президент мындайча жооп кайтарды:

 

«Жеңилденүүнү сезип жатам. Абдан көп иштөөгө туура келди, түнкү он экиде уктап, саат таңкы 5те турчумун. Дарыгерлер саламаттыгым чың, бирок өнөкөт чарчоого кабылганымды айтышты. Эми менде уктоого мүмкүнчүлүк бар. Татаал убактар болду, ушундай татаал – кээде согуштун кырына да кептелдик.  Кудайга шүгүр, андан өтүп кеттик».