Мамлекет башчысы Атамбаев бүгүн «Ала Арча» мамлекеттик резиденциясында маалымат жыйынын өткөрүүдө.

 

Анда, президент убактысы тартыш экенин билдирди.

 

«Бүгүн бара турган иш чараларым көп, ошондуктан силер менен жолугушууга болгону эки саат бөлдүм. Албетте, көп убакыт бөлгөнүмдө жакшы болмок. Убакыт аздыгына байланыштуу так жана түз суроолорду бериңиздер», - деп суранды ал.

 

Ал дайыма суроолорго түз жооп бергенин белгиледи.

 

«Атамбаев дайыма түз жооп берээрин билесиңер. Балким, менин жоопторумду сагынаарсыңар», - деди мамлекет башчысы.