Чүй облусундагы Панфилов айылында өрт кырсыгы катталып, андан адам өмүрү кыйылганы кабарланды.
Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, курулуш вагону өрттөнүп кеткен. Окуя болгон жерден 43 жаштагы Ч.А.нын жансыз денеси табылган. Учурда өрттүн чыгуу себептери иликтенүүдө.