Кыргызстанда 2018-жылы орточо айлык акысынын көлөмү 16 миң 600 сомго жетет.
Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымат таратты.
Ага ылайык, 2018-жылдагы бюджетти пландоодо басым соцкоргоо жана билим берүү жаатына жасалат. ИДП 528,1 млрд сомго жетет, кыргызстандыктардын орточо маянасы эки миң сомго жогорулап, 16600 сомго жетет.
Инфляция 5,7% деңгээлинде болуп, Улуттук банктын прогнозу менен дал келет. Жашоо минимуму 5,2 миң сомго көбөйөт.