Октябрь РИИБинин тергөөчүлөрү окуя болгон учурда ошол аймакта болбогон автоунаалардын айдоочуларын да суракка чакырышкан. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агенттиги Бишкек шаарынын тургунунун маалыматына таянып жазды.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын тургунуна Октябрь РИИБинен телефон чалышып, жаш кишинин өлүмү боюнча сүйлөшүүгө келип кетишин өтүнүшкөн. Бирок, повестка берилген эмес.
«Аларда менин автоунаам боюнча суроо туулуптур. Видеокөзөмөл камерасы кылмыш болгон учурда автоунаамды тартып калган имиш. Кабинетке киргенден кийин гана кеп Аида Салянованын иниси тууралуу болуп жатканын билдим. Башта бул тууралуу укпагам, саясатка жана криминалга кызыгуум жок. 5-ноябрда Кыргызстанга чет лкөдөгү иш сапарымдан кайтып келгем. Автоунаамды короого токтотуп кеткем. Аккумулятору да отуруп калган болчу. Кечинде кафеге барып, тууганыбыздын туулган күнүн белгилегенбиз. Ал түнү Көк-Жарда болгон эмесмин», - дейт тургун.
Ал тергөөчүлөрдөн анын автоунаасы түшүп калган видеону жана фотону көрсөтүүнүн суранган. Бирок, алар көрсөтө алышпай, ошол күнү аталган райондон өткөн 300гө жакын автоунаанын баарын текшерип жатышканын айтышкан.
Эске салсак, депутат Аида Салянованын инисин 5-октябрда белгисиз адамдар атып кетишкен.