Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн Башкы Башкармалыгы дарыгерлер менен журналисттердин ортосундагы чуу боюнча маалымат берди.

 

Эске салсак, «5-каналдын» сьемкалык тобу Токмок шаарындагы ооруканага арыктап түшкөн балдар тууралуу көрсөтүү тартуу максатында барышкан.

 

Бирок, дарыгерлер аларды ооруканага киргизишпей, милициянын колуна салып беришкен. Мындай маалыматты маалымат кызматынын башкы редактору Дмитрий Ложников тараткан.

 

Ал эми Чүй ИИБинин маалыматына таянсак, 16-ноябрда Токмок шаарындагы ички иштер бөлүмүнө аймактык оорукананын инфекциялык бөлүмүнүн өкүлү кайрылып, оорукананын аймагында ага кол көтөрүү болгонун кабарлаган.

 

 Бул факт боюнча окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, окуянын катышуучуларынын баарын бөлүмгө алып келишкен. Инфекциялык бөлүмдүн башчысы арызында 16-октябрда, болжол менен саат 12:30да ооруканага «5-каналдын» үч кызматкери келгенин, алар ооруканада дарыланып аткан балдар тууралуу сюжет тартаарын билдиришкенин жазган. Бирок, аларга учурда ооруканада карантин жүрүп жатканын, балдарга көчөдөн келип кирүүгө болбой турганын айтышканда, дарыгер менен оператордун ортосунда кайым айтышуу жаралган. Жыйынтыгында, дарыгерге кол көтөрүү болгон.

 

Ошол эле убакта аталган каналдын 34 жаштагы оператору да арыз жазып, сьемка учурунда бөлүмдүн башчысы камераны ургулап баштаганын айткан. Анын кесепетинен камера жабыр тарткан. А бирок, дарыгерге кол көтөргөн эмес.

 

Учурда бул иш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.