Бишкектеги ЦУМдун жанындагы жер өткөөл жакында эле оңдолгон. Бирок, эмитен эле айрым жерлери урай баштады.
Аталган өтмөктүн айрым жерлери урай баштаганын соцтармакка Искен Афиджанов билдирип, сүрөтү менен жайгаштырды.
«Миллион сом каражат коротулуп оңдотулган өтмөк урай баштадыбы?» - деген суроо койгон Афиджанов.
Эске салсак, өтмөк 13-октябрда оңдоп-түзөөдөн кийин ачылган. Бюджеттен ага 32 миллион сом коротулган.
Филармониянын жанындагы жер өтмөк да оңдоодон өткөндөн кийин биринчи жамгырдан кийин төбөсүнөн суу аккан эле.