Мындан он жыл мурда, мен бир гезитте иштеп жүргөндө Чехиядан Бишкекке келген бир турист менен сүйлөшүп калып, ага “Биз өтө тез өнүгүп жатабыз, көчөлөрүбүздө ар бир экинчи машинанын бири кымбат баалуу чет элдик маркадагы машиналар”,- деп мактансам, ал конок: “Бул сыймыктана турган ийгилик эмес, машиналардын көптүгүнүн азабын тартасыңар. Биз мындай цивилизацияны баштан өткөргөнбүз...”,- деп жооп берип, көңүлүмдү муздаткан болчу. Балким, ал турист жөн гана жолдордун тыгын болуп кетишин айткандыр, мүмкүн...

 

Кийин, мындан 5-6 жыл мурда гезиттердин биринде иштеп жүрүп “Бишкекти машина жейби?”,- деген темада макала жазып, анда автомашиналардын көптүгүнөн аба булганып,  экологияга, демек, адамдардын ден-соолугуна, борбор калаанын парктарына келтирип жаткан зыяны тууралуу да маселе көтөргөн элек. Тилекке каршы бүгүнкү күндөгү адамдардын эрте менен үйүнөн жумушка, сабакка же базарга чыгып эле жол кырсыгына кабылып, аркы дүйнөгө кетип жаткандыгы улам көп кайталанып жатышы тууралуу биз, журналисттер эле эмес, өкмөт башчынын да көңүлүн буруп, өткөн жумада бүтүндөй министрлер кабинетинин катышуусунда премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Республикасында жол коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө Өкмөттүн кезексиз жыйынын өткөрдү.

 

Анда өкмөт башчы 9-ноябрда Өкмөттүн эки токтомуна кол койгондугу, ага ылайык, Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы жоюлуп, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы  түзүлө тургандыгы айтылды.

 

 

 

“Кызматкерлердин жетишсиздигине байланыштуу жаңы түзүмдүк подразделениенин штаттык санын жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Мында башкармалыкка кызматкерлерди ишке алуу сынак негизинде ачык-айкын жүргүзүлөт. Жолдордогу абалдын татаалдыгын эске алуу менен жаңы башкы башкармалык курамын коррупцияга жана чатактарга аралашпаган кесипкөйлөрдөн түзүү зарыл”,- деди С.Исаков.

 

Бир эле 1-9-ноябрга карата маалымат боюнча, өлкө аймагында 208 жол кырсыгы катталган, анда 42 жаран каза болуп, 321 адам ар кандай даражадагы жаракаттарды алган. Баарынан да беш жана он адам каза болгон жол кырсыктары коомчулукта өзгөчө талкууну жаратты. Ал эми жыл башынан бери же 10 айдагы статистиканы алып карай турган болсок,  республика боюнча 5197 жол кырсыгы катталып, анда 695 адам каза таап, 7839 адам жаракат алган.

 

“Бир жума ичинде 103 пункттан турган аталган иш-чаралар планынын аткарылышын тыкыр талдоого алуу зарыл. Пландын пункттары негизсиз түрдө аткарылбаган учурда министрлик жана административдик ведомстволордун жоопкер жетекчилерине жана кызматкерлерине карата тийиштүү чаралар колдонулат”,- деп белгиледи Өкмөт башчы.

 

Ошондой эле Ички иштер министри Улан Исраиловго кыска мөөнөттө төмөнкүлөрдү аткаруу тапшырмасы берилди:

 

- милициянын жаңыдан түзүлгөн подразделениесинде сапаттуу жана кесипкөй башкаруучу курам түзүү;

- сынак негизинде кызматка таза милиция кызматкерлерин кабыл алуу;

- Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын жалпы кызматкерлеринин вертикалдык баш ийүүсүн орнотуу;

- алардын функционалдык милдеттенмелеринде ишенилген участоктогу жол коопсуздугунун абалы үчүн жеке жоопкерчилигин көрсөтүү.

 

Мындан тышкары ИИМ кыска мөөнөттө төмөндөгү тапшырмаларды аткарууга тийиш:

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жол кыймылы эрежесин бузгандыгы үчүн кылмыш жана административдик жоопкерчиликти катаалдатууну караган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун киргизүүсү;

 

- жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер орган подразделениелерин реформалоо боюнча ишти жыйынтыктоосу;

 

Мындан тышкары Транспорт жана жолдор министрлиги менен биргеликте:

 

- жөө жүргүнчүлөр үчүн атайы светофордук объекттерди, жөө жүргүнчүлөр жана транспорттук каражаттар үчүн жол белгилерин, жол чийимдерин орнотуу ишин жыйынтыктоосу.

 

Кыскасы, өкмөт жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн колдон келген аракетин жасап, тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү парламентке сунуштамакчы. Ошондой эле өлкө аймагындагы 223 авто окуу жайларынын лицензиясы менен талапка жооп бере тургандыгын кайра текшерүүгө алат. Ал эми айдоочулук күбөлүктү берүүнүн жол-жоболору катаалдаштырылып, 500дөн ашык тесттик суроолор түзүлмөкчү. С.Исаков мындан да башка мамлекеттик сыр катары сактала турган маалыматтар бар экендигин айтып, аларды жарыя кылган жок.

 

Ал эми ЖК депутаттары тарабынан мас абалында машина айдаган айдоочуларды өмүр боюу укугунан ажыратуу, бир миллион сомго чейин айып салуу сыяктуу сунуштар көтөрүлүүдө.

 

Жогорудагы өкмөттүк жыйын өткөндөн бир жумадан кийин эле С.Исаков “Таза коом” программасынын алкагында Бишкек жана Ош шаарларына видеокөзөмөл орнотууну ноябрдын соңуна чейин ишке ашыруу тапшырмасын берди.

 

Ооба, айыл, кыштактарды мындай кой, борборубуз Бишкектин эле жолдору талапка жооп бербейт. Керектүү белгилер коюлбаган. Жол коопсуздугун күзөткөн инспекторлор эң оболу кантип эреже бузган айдоочулардан “шабашка” өндүрүүнү гана ойлоп калышкан. Бир сөз менен айтканда биздин жолдор коррупциялашып, Ак үйгө чейинки чиновниктердин арам акча жасай турган булагына айланган. Бул жагдайда жаңы премьер-министр С.Исаковдун ИИМге караштуу ЖКУ башкармалыгын жоюп, ордуна башка башкармалык түзүү, кызматкерлерди конкурстук жол менен тандап алуу тапшырмасы колдоого аларлык. Бирок раматылык С.Жигитов айткандай, “бир кыргыздын ордуна башка ошондой эле кыргыз келбейби?”.

 

Эгер ушул жогоруда айтылган план-тапшырмалар аткарылса эле жол-транспорт кырсыктары кескин азайып, адам өмүрү кыйылбай калабы? Андай болсо эле Кудай жалгасын деңизчи. Балким, кандайдыр бир деңгээлде азаяр. Менимче балакеттин баары айдоочулардын өзүндө жана алардын ичиндеги “жинде”. Себеби бизде көпчүлүк адам өмүрү кыйылган окуялар менен коштолгон жол-транспорт кырсыктары каттуу ылдамдыктан жана мас абалда машина айдагандан болууда.

 

Мисалы, ошол эле маркум вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун айдоочусу жана жардамчысы менен кошо өмүрүн алган Бишкек-Кара-Балта трассасындагы авария да каттуу ылдамдыктан улам болду. Өткөн жумада эле Бишкек-Манас аэропорту жолундагы беш адамдын өмүрүн алган BMW унаасы да саатына 200 км. ылдамдыкта жүрүп, рулундагы жаш бала башкара албай калып, даракты сүзүп алган жана мотору, кузову, ичиндеги балдар ар кайсы жакка ыргып кетишкен. Мындан башка да күн сайын таң менен кошо ар бирибиздин жүрөгүбүздү түшүрүп, төбө чачыбызды тик тургузган адам өмүрү менен коштолгон кырсыктардын дээрлик баардыгынын себеби  каттуу ылдамдык. Анткени “ат көрбөгөн минип өлтүрөт”,- демекчи, азыр чөнтөгүнө бир аз акча түшкөн тың чыкмалардын баары эле жаш, кыз же башка муктаждыгы бар экендигине карабай “тачка” минүүнү кыялданышат.

 

Кыскасы, азыркы жаштардын аброюу, деңгээли анын акыл-эси, билимине, адамкерчилигине карап эмес, минген машинасына, анын маркасына карап аныкталып калды. Бул бүтүндөй коомубуздун моралдык жактан бузулуп, тескери жакты карай өнүгүп жаткандыгынын белгиси. Бир велосипед чыгарбаган менен биздин өлкө КМШны мындай кой, дүйнөдө адам башына эсептегенде автомашиналардын саны боюнча алдыңкы орунда, ошол эле учурда адам өлүмү боюнча да биринчи орунда турат экенбиз. Согуш мезгилинде да адамдар мындай кырылбаса керек. Демек, эң оболу акылыбызга келип, пейилибизди оңдошубуз керек. Кыргызстандын жолдору азыр кан жыттанып, канга боёлуп калды...

 

 

 

Эмилбек Момунов, Булак: “Майдан. kg” гезити