Ысык-Көл ОИИБинин маалыматына караганда, 19-октябрда Кашат айылындагы алма багынын жанынан кишинин жансыз денеси табылган. Ал ошол айылдын 26 жаштагы тургуну болуп чыккан. Маркумдун баш мээсинде канталаган жарааттар болгон.

 

Факт боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин «киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

 

Милиция кызматкерлери 17-октябрда, болжол менен саат 22:30 чамасында маркум мас абалында айылдаш келиндин үйүнө келип, эшигин каккылап, интимдик катнашка баруусун талап кылган. Аны келиндин Асанбек жана Нурбек аттуу кошуналары токтотушкан. Болжол менен саат 24:00дөрдө келиндин күйөөсү Бостериден келип, аялын мазактаган эркекти үйүнүнү жанында бир нече жолу бетке урган.  Маркум качып кеткен. Бир суткадан кийин жансыз денеси табылган.

 

Бир айдан кийин гана кылмышка айыптуулар табылды. Алар ошол эле айылдын 40 жаштагы тургуну Асанбек К. жана 31 жаштагы Алтынбек А. болуп чыгышты. Экөө тең кылмышын моюнга алышып, учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.