Абакта оппозиционер Бектур Асанов операция болду. Бул тууралуу ЖАМКдан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, оппозиционердин боору ооруган. Ага жасалган операция ийгиликтүү өткөн. Белгилей кетсек, операция 47-колонияда жасалган. Дарыгерлер сыркоонун акыбалы канааттандыраарлык деп белгилешүүдө. Бирок, оппозиционердин жакындарын, жактоочусун жолугушууга киргизишкен жок.

 

 Бектур Асанов Биринчи май райондук соту тарабынан 17-апрелде соттолуп, 12 жыл жаза мөөнөтүн алган. Аны менен кошо Кубанычбек Кадыров 12 жылга, Эрнест Карыбеков 20 жылга кесилген. Аларга бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү айыбы тагылган.