Кыргызстанда сүт азыктарын чыгарган фермерлерден ортомчулар продукцияларды арзан баада сатып алышууда.

 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Ормонов билдирди.

 

Айтымында, ага фермерлер кайрылышкан.

 

«Ортомчулар сүт азыктарын беш-алты сомго арзан сатып ала башташыптыр. Бирок, ошол эле убакта дүкөндөрдөгү сүттүн баасы арзандаган жок, мурунку калыбында. Биздин фермерлер продукцияларын арзан сатып жатышат. Алар биздин жарандар экенин унутпайлы», - деген депутат өкмөттүн парламенттеги өкүлүнөн бул маселени көзөмөлгө алуусун суранды.