Бул тууралуу «Электрдик станциялар» ААКсынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-ноябрда суткалык орто температуранын ылдыйлашы күтүлүүдө. Ошондуктан, бүгүн саат 00:00дөн баштап Оштогу ЖЭБ кышкы сезонго карата ишке киришти.
«Ош мэринин тийиштүү жарлыгына кол коюлду. Биринчи кезекте саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелерине жылуулук берилет. Андан кийин жылуулук үчүн карызы жок үйлөргө берилет», - дейт ААК.
Маалыматка таянсак, бүгүнкү күндөн тартып -1 градуска чейинки суук күтүлөт.